
Жаңылыктар | 07.10.2025 | Кышында электр жарыгы өчпөйбү?
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кышка даярдык боюнча өкмөттүк жыйында электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырды. Быйылкы кургачылык жана электр энергиясын керектөөнүн өскөнүнөн улам Токтогул суу сактагычында былтыркыдан 1,6 млрд куб аз суу топтолгон. Токтогул ГЭСи электр жарыгынын 33% өндүрөт. Соңку жылдары энергетикалык кризистен чыкпай келаткан Кыргызстандын кышка камылгасы кандай? Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.
The skinny
The skinny isn't ready yet — notes appear once the transcript is processed.